Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Путин: АКШнын азыркы бийлиги менен иштөө оор болду


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусия президенти Владимир Путин 27-октябрда Сочидеги эл аралык "Валдай" дискуссия клубунун жыйынында сөз сүйлөп, Сирияда кан төгүүлөрдү токтотуу азырынча мүмкүн болбой жатканын билдирди. Анын айтуусунда, АКШ президенти Барак Обама менен жеке макулдашуу ишке ашпай калды.

- Узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин террорчулук менен күрөшүү боюнча бирдиктүү фронт түзүлгөндөй таасир калды, бирок бул иш жүзүнө ашпады, - деди Путин.

Ошондой эле АКШнын азыркы администрациясы менен иштөө оор болгонун, Сирия жана башка маселелер боюнча макулдашуулар сакталбаганын, алдыда америкалыктар шайлаган жаңы президент менен кызматташууга даярдыгын кошумчалады.

Орус президенти өз өлкөсү Американын шайлоо системасына кийлигишип жатат деген айыптоолорду дагы бир жолу четке какты. Ал эми АКШ президенттигине талапкер Дональд Трампты бөтөнчө ыкмалар менен шайлоочулардын жүрөгүнөн орун табууга умтулган саясатчы катары сыпаттады.

XS
SM
MD
LG