Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:34

Дин эркиндигин сабатсыздык тебелейт


Мечит
Мечит

Кыргызстанда Баш мыйзамда кепилдеген диний ишеним эркиндиги барбы? Басымдуу бөлүгү салттуу исламды тутунган кыргыз коомчулугу башка диндерге толеранттуубу? "Азаттыктын" апта темасынын бул жолку чыгарылышы ушул темага арналат.

Жалал-Абад облусунда он бештен ашык диний агымдар иш алып барат. Аларга мечиттер, чиркөөлөр, сыйынуу үйлөрү кызмат кылат. Ала-Букадагы мүрзө чырынан кийин сыйынуу жайларындагы абал жана жергиликтүүлөрдүн маанайы менен кабарчыбыз Руслан Калматов таанышты.

Оштогу баптисттер ишеним эркиндиги камсыздалбай жатат деп, Ала-Бука окуясын мунун айкын далили деп эсептешет. Оштогу диний азчылыктын жашоосу тууралуу аймактык кабарчыбыз Ыдырыс Исаков айтып бермекчи. Оштогу борбордук мечитте жаңы ачылган православ мектебине кыргыздар катташат, бул коомчулукка эмне үчүн өөн учуроодо?

Талас облусунун бир топ айылдарында салттуу мусулман, христиан дининен тышкары протестанттык агымдарга кирген жергиликтүүлөр да бар. Аймактагы кабарчыбыз Салика Сариева Ак-Дөбө айылында жашаган ушундай үй-бүлөлөрдүн биринин жашоо-тиричилиги менен таанышып, жергиликтүү эл жана бийлик менен алака-катышын билип келди.

Христиан дининин пртестант жана провослав агымдарын тутунгандар Нарын облусунда анчалык деле көп эмес. Анткен менен бул өрөөндө 90-жылдары протестанттык диндин бир топ багыттары активдешип, кийин сөөк коюуга байланыштуу чыр-чатактар чыккан. Нарында азыр диний азчылыкка мамиле кандай? Аймактагы кабарчыбыз Мирлан Кадыров сураштырды.

Түп районунда жергиликтүү бийлик өзүнүн протестант-христиандарга мүрзө үчүн жер бөлүү чечимин алты жылдан бери аткарбай келе жатат. Бул тууралуу жеке ишкерлер Мирбек Аламанов менен Рустам Казакбаев “Азаттыкка” билдиришти. Алар диний азчылык өкүлдөрүнө бийликтин, коомчулуктун мамилеси тууралуу аймактагы кабарчыбыз Асеин Маданбековго өздөрүнүн мисалында айтып беришти.

Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги мыйзам менен кепилденсе да динине карап басмырлоо, куугунтуктоо катталып жатканы коомдун диний сабатсыздыгына барып такалууда. Эксперттердин пикиринде, агрессивдүү жорукка дин өкүлдөрүнөн башка, жергиликтүү бийликтер да жол берүүдө. Калкынын көбү салттуу исламды тутунган кыргыз коомчулугун башка диндерге сабырдуу болууга чакыруунун кандай жолу бар? Сабыр Абдумомуновдун баянында кеп болот.

XS
SM
MD
LG