Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:48

Мосулда террорчулар 232 кишини жок кылышты


Колго түшкөн жоочу.
Колго түшкөн жоочу.

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жоочулары Ирактын Мосул шаарында 232 кишини жок кылышканын билдирди. Комитет жетекчиси Зейид Раад ал-Хусейндин кеңсеси террорчулар тирүү калкан катары пайдалануу үчүн шаарга "он миңдеген" кишини алып келишкенин кошумчалады.

Мосулду экстремисттерден тазалоо операциясы мындан эки жумадай мурун башталган. Адам укуктары комитетинин басма сөз катчысы Равина Шамдасани 19-октябрда өлтүрүлгөн 232 кишинин 190у Ирак коопсуздук күчтөрүнүн мурдагы кызматкерлери болгонун айтып, террорчулардын колунан каза тапкандардын саны мындан көп болушу мүмкүн экенин билдирди.

АКШ аскерлеринин кол башчысы генерал Мэтью Ислер 28-октябрда билдиргендей, Ирак аскерлери Кошмо Штаттардын колдоосу менен операция башталгандан бери Мосулдун айланасындагы 40 чакты айыл-кыштакты радикалдардан кайтарууга жетишти.

XS
SM
MD
LG