Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Сары-Кыр ашуусунда жоголгон экинчи адамдын да сөөгү табылды


Издөө иштеринен бир көрүнүш
Издөө иштеринен бир көрүнүш

Тогуз-Тородон Жалал-Абадга жөө жөнөп, дайынсыз жоголгон дагы бир адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Сузактын 37 жана 40 жаштагы эки тургуну – Надыр Тиллебаев менен Илхом Жумабаев 23-октябрда кечке жуук жолго чыгып, дайынсыз жоголушкан. Жумабаевдин сөөгү эртеси күнү Сары-Кыр ашуусунан, Тиллебавдин жасаты бүгүн түшкө жуук ошол аймактан табылды.

Алар бир ай мурун Казарманга уста болуп барышкан. Издөө иштерин жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары жүргүзүштү.

Макаланы толугу менен бул жерден окуңуз.

XS
SM
MD
LG