Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:44

Казарманга Тайлак баатырдын ысымын ыйгаралы


Кыргызстан өз алдынча көз карандысыз мамлекет катары түзүлгөндөн баштап, партиялык жана коомдук ишмерлердин, чарбаларга эмгеги сиңген атуулдардын ысымдары шаарларыбызга, айыл-кыштактарга, көчөлөргө, мекеме-ишканаларга, коомдук жайларга берилип келатат.

1991-жылы Тогуз-Торо районунун жашоочулары демилге көтөрүшүп, райондун борбору Казарман айылынын аталышын өзгөртүп, байыркы аталыштагы жердин атын берүү боюнча коомдук талкуу жүргөн. Ошол учурда да Казарман айылына Тайлак баатырдын ысымын берүү да сунушталган. Бирок, кийин ал маселе калып кеткен.

Тарых жана маданият жылында бул маселени кайрадан көтөрүүнүн удулу келип турат. Эмне үчүн Тайлак баатырдын ысымы ыйгарылыш керек?

Биринчиден, Тайлак баатыр азыркы Тогуз-Торо районунун аймагында туулуп, өскөн. Экинчиден, Тайлак баатыр бул аймакта жашап, учурда анын урпактарынын 80 пайызы Атай, Арал жана Казарман айылдарында жашашат. Үчүнчүдөн, баатырдын эрдиктеринин көпчүлүгү да Тогуз-Торо жергеси менен байланыштуу. Төртүнчүдөн, Тайлак баатырдын ысымын (Нарындагы чек ара отрядына аты берилгенин эске албаганда) Кыргызстандын аймагында татыктуу жерге бере элекпиз. Анын жалпы кыргыз жергесин коргоо боюнча чыныгы баатырдык эрдиктери азыркы муунга үлгү.

Мамлекетибиздин борбору – Бишкек шаарынын Бишкек баатырдын ысымы менен байланыштуу экендигин эске алсак, биздин демилгенин жүйөсү бар деп ойлойбуз.

Ал эми Казарман деген аттын бул жерге коюлуп калышы кыргыз тарыхында ХХ кылымдын башындагы орус падышачылыгынын оторчулук саясаты менен байланыштуу. Орус бийлигине баш ийбеген тоолуктардын көтөрүлүшүн басуу үчүн солдаттар үчүн «казарма» курулганы, кийин ал жер «казарман» деп өзгөрүп калганы тарыхта белгилүү. Азыркы муунга бул ат эч нерсе айтпайт. Биздин мамлекеттеги ар бир нерсенин, жердин, мекеме-уюм, мектептин аты улуттун биримдигине, мекенчилдик сезимине дем бере турган болушу керек деп ойлойбуз.

Жогоруда айтылган далилдерибизге байланыштуу Тогуз-Торо районунун борбору Казарман айылын Тайлак айылы деп атоо бышып жетилди деп эсептейбиз. Бул райондун эли үчүн гана эмес, жалпы кыргыз элине чоң сыймык болоору талашсыз. Жогоруда биз көтөргөн маселе, президенттен, Жогорку Кеңештен депутаттарынан, өкмөттөн колдоо табат деген ишеничтебиз.

Б.Ороков, КР Эмгек сиңирген куруучусу; Д.Мамбеджанов, КР эмгек сиңирген энергетиги; эмгек ардагерлери: М.Мокеев, С.Көчөрбаев, Р.Бобукеев ж.б.

Тогуз-Торо району, 2016-жыл, октябрь.

XS
SM
MD
LG