Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Антарктикада ири корук түзүлөт


Дүйнөнүн 24 өлкөсү жана Европа биримдиги Антарктикада дүйнөдөгү эң ири океан коругун түзмөй болушту. Бир нече жылга созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Орусия бул келишимге көндү.

Тараптар мунасага Антарктиканын сууларындагы жандыктарды коргоо боюнча комиссиянын Австралиянын Хобарт шаарындагы эки жумалык жыйынынан кийин келишти. Корук Антарктиканын экосистемасын жана Росс деңизиндеги жандыктарды сактоону көздөйт. Анын аянты 1,5 миллион чарчы километр же Британия, Германия жана Франциянын жалпы аянтына барабар. Коруктун 1,1 миллион чарчы километринде 35 жылга балык кармоого толугу менен тыюу салынды.

XS
SM
MD
LG