Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Таласта наабайканага каршылар мэрди айыптоодо


Талас шаарындагы №5 мектептин ичинде ачылган наабайканага каршы тарап мэрдин кысымына кабылганын айтууда. Алар буга чейин «Азаттык» радиосуна кайрылып, наабайкананын жабылуусун талап кылган. Бирок мэр Анарбек Кушубеков айрым ата-энелерге тымызын эскертүү берип жатканын шаар тургуну Асия Осмоналиева айтууда:

- Окуучулар мектепке батпай калгандыктан ашкананын жарымынан көбүн ээлеп турган нан чыгаруучу заводду жабылсын деп «Азаттыкка» сүйлөгөм. Ошондон кийин эле эки жигит келип, «жөн жүрбөйсүзбү», «чаңыттыңыз» деп кетти.

Жергиликтүү тургундардын айтуусунда, мектептеги муниципиалдык ишкана 2012-жылы Түркиянын колдоосу менен Талас эли үчүн деген негизде ачылган, бирок төрт жыл бою эч кимге ижара акы төлөгөн эмес.

Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Байыш Керимбаев ишкананы мэрия өзү билемдикке салып ачып алганын билдирди. Себеби, анын белгилешинче, аталган мекеме менен наабайкана ээсинин ортосунда эч кандай макулдашуу болгон эмес.

Бүгүнкү күндө мектептин ашканасындагы ишкана жумушун токтоткону менен тетиктерин алып чыгып кетише элек.

Шaар мэри Анарбек Кушубеков бул наабайканага эч тиешеси жок экенин айтып келет. (AlS)

XS
SM
MD
LG