Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Өмүркулов: Жаңы коалиция кыска мөөнөттө түзүлөт


Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө түзүлүшү керек жана бул үчүн учурда тиешелүү аракеттер көрүлүп жатканын бүгүн "Азаттыкка" Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди. Анын айтуусунда, бүгүн "Бир Бол" жана "Кыргызстан" фракцияларынын лидерлери менен консультациялар өттү.

- Көп деле создуктурбаганга аракет кылып жатабыз. Себеби убакыт ошондой болуп жатат. Өкмөт батыраак толук кандуу ишке кириши керек. Кыш келатат. Келерки жылдын бюджети кабыл алына элек... Бат-бат эле өткөрөлү деген ой бар. Адегенде ар бир фракция менен өз-өзүнчө принциптер тууралуу сүйлөшүп алсак, андан кийинки маселелерди чечкенге оңойураак болот.

Парламенттин азыркы чакырылышы былтыр күзүндө шайланган. Ага кирген алты фракциянын төртөө (КСДП, "Кыргызстан", "Ата-Мекен" жана "Өнүгүү-Прогресс") көпчүлүк коалицияга бириккен.

Дүйшөмбү, 24-октябрда КСДП фракциясы коалициядан чыкканын жарыялап, башкаруучу көпчүлүк тарап кеткен.

26-октябрда президент Алмазбек Атамбаев жаңы коалиция куроо мандатын КСДПга тапшырган. (RK)

XS
SM
MD
LG