Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:11

Рахмон: Коңшуларды суусуз калтырбайбыз


Тажикстан коңшуларын эч убакта суусуз калтырбайт. Бул тууралуу бүгүн Рогун ГЭСинин плотинасын куруу иштеринин башталышына арналган салтанатта сүйлөп жатып тажик президенти Эмомали Рахмон билдирди.

335 метр бийиктикте курулуп жаткан бул объект дүйнөдөгү эң бийик плотиналардын бири болот деп пландалууда.

Эмомали Рахмондун "тажик эли кылымдардан бери кошуналары менен тынчтыкта жашап келатат, бул салтты улантышыбыз керек" деп айтканын анын администрациясы тажик, орус, өзбек, кытай жана англис тилдеринде тараттты.

Плотинаны куруш үчүн Вахш дарыясынын нугу өзгөртүлөт. Рогун ГЭСин куруу менен тажик бийлиги 2019-жылдан тарта өлкөдө ондогон чакан жана ири өнөр жай ишканаларын ачып, миңдеген жаңы жумуш орундарын түзүүнү көздөөдө. (RK)

XS
SM
MD
LG