Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

“Заман Кыргызстан” гезити чыкпай калды


24 жылдан бери чыгып келген “Заман Кыргызстан” гезитинин иши токтоду. Октябрдан тарта аталган басылма чыкпай жатат. Маалыматтарга караганда, кызматкерлер тарап, азыр редакцияда бир кабарчы жана дизайнер гана калды. Анын чоо-жайы азырынча так айтыла элек.

Аталган басылма Түркиядагы Zaman эл аралык гезитинин Кыргызстандагы бөлүмү катары 1992-жылы ишин баштаган. Медиа эксперттер аны кыргыз тилдүү гезиттер арасында бейтараптуулук сыяктуу эл аралык эрежелерди сактаган жалгыз басылма катары сыпатташып келген.

“Заман Кыргызстанда” убагында Мырза Гапаров, Сүйөркул Тургунбаев өңдүү акын-жазуучулар эмгектенишкен, учурда Абдыкерим Муратов сындуу адабиятчылар иштейт. (SE\BCh)

XS
SM
MD
LG