Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:46

Өзбекстанда үйлөргө тинтүү жүрүүдө


Өзбекстандын Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкеринин кийими.
Өзбекстандын Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкеринин кийими.

Өзбекстанда экстремизмге шектелип же саясий көз карашынан улам чет элге кетип калган кишилердин үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле көп жылдан бери башка мамлекетте жашагандардын мурда жашаган жерлерине да күч кызматкерлери келип, алардын туугандарына басым өткөрүп жатканын жергиликтүү тургундар “Азаттык” радиосунун өзбек кызматына маалымдашты.

Кабарларга караганда, кара маска тагынган тартип сакчылары, күтүүсүз келип тинтүү өткөрүшүүдө. Алар үйлөрдөгү диний китептерди, шарият амалдары жазылган аудио жана видеожабдууларды алып кетип жатышат. Өкмөт бул тинтүүлөрдүн чоо-жайын кабарлай элек. (SE)

XS
SM
MD
LG