Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:32

Путин “Орусиялык улут жөнүндө“ мыйзам чыгарууну сунуштады


Орусия президенти Владимир Путин “Орусиялык улут жөнүндө” мыйзам чыгаруу тапшырмасын берди. Документте эмне камтылышы керектиги так айтылган жок, бирок бул улуттар аралык мамилелерди өнүктүрүү боюнча стратегиянын уландысы болуп калышы мүмкүн экенин баса белгиленди.

Аталган мыйзамдын зарылдыгы тууралуу Путин Улут аралык мамилелер кеңешинин жыйынында билдирген.

2012-жылы Путин “2025-жылга чейинки Орусиянын улуттук саясатынын стратегиясы жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Бул документте ар кыл элдердин этно-маданий көп түрдүүлүгүн өнүктүрүү зарылдыгы жазылган.

Кийинчерээк Улуттар боюнча федералдык агенттик түзүлгөн. Путин ага Орусиядагы элдердин биримдигин чыңдоону тапшырган. 2008-жылы орусиялык лидер өзүн “сөздүн жакшы маанисинде орус улутчулу” деп атаган.

Орусияда 200дөй улуттун өкүлдөрү жашайт.

XS
SM
MD
LG