Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:00

Голландияда Ислам динине каршы чыккан саясатчы Герт Вилдерстин соту башталды. Ал диний кастыкты козуткан деп айыпталууда. Сот отурумдарына өзү катыша элек. Вилдерс бул ишти саясий мүнөздө деп санарын, ошондуктан ага катышуудан баш тартканын анын адвокаты билдирди.

“Голландиянын Азаттык партиясынын” (PVV) лидери Амстердамга жакын Схипхол шаарында өтүп жаткан сот отурумун быйыл мартка белгиленген шайлоо алдындагы оюн катары баалоодо.

Вилдерс 2014-жылы Голландиядагы марокколуктардын санын азайтууга чакыргандан кийин ага каршы кылмыш иши ачылган. Мурдараак Куранга тыюу салууну, мечиттерди жабууну сунуштаган. Анын айыбы тастыкталса, 7400 евро мамлекетке төлөйт жана бир жылга камалат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG