Канттын "Абдыш-Ата" футбол клубунун башкы машыктыруучусу Мирлан Эшенов ээлеген кызматынан бошотулду. Кыргызстандын футбол лигасынан билдиришкендей, аталган чечимди клубдун жетекчилиги 31-октябрда кабыл алган. Буга "Абдыш-Ата" 2016-жылы ийгилик жарата албады деген жүйө келтирилген.
Мирлан Эшенов 2013-жылдан аталган клубда башкы машыктыруучу болуп эмгектенип келген. Эми ал ушул эле клубда спорттук директор кызматын аркалайт.
"Абдыш-Ата" футболдук клубунун башкы машыктыруучунун милдетин аткаруучу болуп 35 жаштагы Аскар Ахметов дайындалды. "А" даражасындагы машыктыруучулук лицензиясы бар Ахметов мындан мурда Биринчи лигадагы "Живое пиво" клубунда башкы машыктыруучу болчу.
Өткөн жумада жыйынтыкталган Кыргызстандын футбол боюнча чемпиондугунда топ-лигада "Абдыш-Ата" 4-орунду ээлеген. 18 оюнда алты жолу утуп, сегиз жолу жеңилип, төрт ирет тең чыгып, жалпысынан 22 упай топтогон эле. (ECh)