Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:10

Ирак күчтөрү Мосулдун чыгыш тарабына чабуулун баштады


Ирактын өкмөттүк күчтөрү.
Ирактын өкмөттүк күчтөрү.

Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарында бүгүн таң менен айыгышкан уруштар башталды. Ирактын күчтөрү шаарга кургактан чабуул баштаганы кабарланууда. Бул шаардын өзүнө багытталган акыркы эки аптадагы алгачкы чабуул болуп саналат.

Кечээ Ирактын күчтөрү Мосулга бир чакырымга чейин жакындап, ал кармашта оор артиллериялар, танкалар Мосулдун чыгышындагы Гогжали конушундагы “Ислам мамлекети” террордук тобунун позицияларын бутага алган. Ирак күчтөрүнө АКШ баштаган коалициянын аба чабуулдары да колдоо көрсөтүүдө. Согушкерлер Ирак күчтөрүнүн жолун бууп салуу үчүн танкага каршы ракеталарды колдонушту.

Мосул шаарын өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топтон бошотуу операциясы эки апта мурда башталган. (KKs)

XS
SM
MD
LG