Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:38

Тажикстанда электр жарыгына чектөө киргизилди


Тажикстан, Рогун ГЭСи.
Тажикстан, Рогун ГЭСи.

Тажикстандын айрым аймактарында кыш алдында электр жарыгына чектөө киргизилди. “Барки Точик” энергия компаниясынын өкүлү Нодиржон Йогдори электрди чектөө режими 1-ноябрдан тарта күчүнө киргенин “Азаттыкка” билдирди.

Баш калаа Дүйшөмбү жана аймактын борборлоруна бул схема киргизиле элек.

Тажикстанда электр энергиясынын 90 пайызы ГЭСтерде өндүрүлөт. Нодиржон Йогдори ГЭСтердеги суунун деңгээлинин төмөндөшү электр жарыгын чектөөгө себеп болгонун айтты.

Тажикстанда 1990-жылдардын башынан тарта кышкысын маал-маалы менен өчүрүүлөр болуп келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG