Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:31

Москва: курулушта иштеген кыргызстандык бир бутунан айрылды


Москва шаарындагы көп кабаттуу турак-жайлардын биринде курулушта иштеген 46 жаштагы Болот Анарбаевдин оң буту жоон санынан кесилди. Азыр анын абалы туруктуу экенин Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Гүлбарчын Байымбетова "Азаттык" радиосуна билдирди.

Маалыматка караганда, кыргызстандык жаран 10-октябрда кырсыктап, ошондон бери операция болуп ооруканада жатат. Жакында анын экинчи бутуна да операция жасала турган болууда.

XS
SM
MD
LG