Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курама командасы 1-ноябрдан эл аралык беттештерге машыгууларын баштады. Бүгүн алар Филиппиндин Манила шаарына жол алышарын Футбол федерациясы кабарлады.
Кыргызстандыктар 9-ноябрда Филиппин, 15-ноябрда Бахрейн футболчулары менен беттешет. Ага чейин ошол жакта даярдык көрүшөт.
FIFA рейтингинде Кыргызстан учурда 99-орунда. Бир ай мурун 108-тепкичте болчу.