Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Уулун жоготкон аял баласы Сирияда деп күмөн саноодо


Таластын тургуну Сабира Каратаева 29 жаштагы уулун издеп, “Азаттык” радиосуна кайрылды. Анын уулу Бакытбек Өмүралиев 2015-жылдын 14-июлунан бери дайынсыз. Бишкек шаарында жоголгон.

Апасынын айтуусунда, Бакытбектин талмасы бар. Динге өтө жакын болгондуктан, дайыма мечитке каттап жүргөн. Жоголгон күнү да мечитке кетип жатканын айткан.

Сабира Каратаева уулу диний азгырыктарга ишенип, Сирияга кетип калган болушу мүмкүн деп күмөн санап жатат. Уулун табууга көмөк сурап, коомчулукка жана күч органдарына кайрылды.

Көргөн-билгендер +996 701 81 14 80 номуруна кабар берсе болот. (SE)

XS
SM
MD
LG