Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Тажикстанда адвокаттарга салык көбөйдү


Тажикстанда жеке адвокаттарды ишкерлерге теңөө чечими күчүнө кирди. Эми алар ишкерлердей салык төлөйт.

Тажикстандын Салык комитетинин чечимине ылайык, жеке ишкердик менен алектенген адвокаттар мамлекетке кошумча салык төлөп турушу керек.

Жактоочулар үчүн кирешесинин 6% өлчөмүндөгү жөнөкөйлөтүлгөн жаңы салык киргизүү тууралуу чечимге Салык комитетинин төрагасы Нусратулло Давлатзода ушул жылдын 5-сентябрында эле кол койгон, бирок анын тексти мекеме сайтында 31-октябрда гана пайда болду. Чечим 2016-жылдын 1-ноябрынан тарта күчүнө кирди.

Буга чейин Тажикстанда жеке адвокаттык иш менен алектенген юристтер социалдык салык катары мамлекетке кирешелеринин 1% төлөп келишкен. Эми аларга «жөнөкөйлөтүлгөн» деп аталган алты пайыздык жаңы салыкты да төлөөгө туура келет.

Жактоочулар салык органдарында өлкөнүн Юстиция министрлиги берчү лицензиялар боюнча катталышат.

XS
SM
MD
LG