Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Акаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандарды каралоону токтотууга чакырды


Депутат Жанар Акаев.
Депутат Жанар Акаев.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында КСДП фракциясынан депутат Жанар Акаев Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүгө каршы чыккандарды бир жактуу каралоону токтотууга чакырды. Анын айтуусунда, мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары бийликтин аракети менен макул болбогон депутаттарды, саясатчыларды жамандап жатканы демократиянын эрежелерине сыйбайт:

- Ар бир адам өз оюн айтууга укуктуу. Каршы чыккандардын да пикирин сыйлоо керек. Өкмөттүк медиаларды үстөмдүк менен пайдаланып, кайрадан "кара жащикке" айлантуу болбойт.

Парламентте "Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду дайындоо жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда талкууланып жатат. Документ 1-ноябрда Конституциялык мыйзамдар, сот, укук маселелери жана регламент боюнча комитетинде үчүнчү окуудан өткөн. Анда Конституцияны өзгөртүү маселесин жалпы элдик добушка быйыл 11-декабрда коюу сунушталган. (NT)

XS
SM
MD
LG