Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:14

Текебаев: Конституцияны өзгөртүүдө Келдибековду кетиргендей ыкма колдонулууда


Өмүрбек Текебаев.

Өмүрбек Текебаев.

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бул тууралуу бүгүн "Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду дайындоо" тууралуу мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда билдирди. Анын ырасташынча, эреже боюнча аталган долбоор Жогорку Кеңешке келип түшкөн күндөн тартып 1 айдан эрте эмес, үч айдан кем эмес убакыт аралыгында депутаттардын жалпы санынын үчтөн эки бөлүгүнүн добушу менен кабыл алынышы керек эле. Бирок, аны шашылыш кабыл алуу аракети көрүлүп, мыйзам одоно бузулуп жатат:

- Үч окуу тең, комитетте кароо да мыйзамды талкуулап, кабыл алуу жараянына кирет. Мунун баары 23-октябрдан башталышы керек болчу. Биз эмне кылып атабыз? 23-сентябрда эч ким көрбөгөн жаңы долбоорду киргизип, шашылып 29-сентябрда, алты күндөн кийин кабыл алдык. Көп талкуулабастан бир жумада ызы-чуу менен өтүп кетти. Мунун баары Конституцияны одоно бузууга барабар. Бул бүгүнкү кабыл алына турган өзгөртүүлөрдү легитимсиз кылат. 2010-жылы шашылыш кабыл алынганда абал башкача болчу. Азыркы кезде мындайга негиз жок. КСДП азыр да Келдибековду кетиргендей технологияны пайдаланып жатат. Коалицияны декабрда, январда же жазда деле таратса болмок. Бирок, добуш күндөн-күнгө азайып кетип жатканын көрүп, үчүнчү добуш берердин алдында таратып, президент эл алдында ачык шарт койду. Иса Өмүркулов "президенттин демилгесине ким добуш бербесе коалицияга кирбейт" деп аны кайталады. Мен "Ата Журттун" мисалын бекер эстеткен жокмун. Азыр да кээ бирлер добуш берип коалицияга киребиз деп турушат. Баарыңар кирбейсиңер. Эртең ким "лох" болгонун көрөбүз, - деди Текебаев.

"Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду дайындоо жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда кызуу талкууга алынууда. (NT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG