Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:20

"Республика-Ата Журт" коалицияга кирбейт


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

Бул тууралуу аталган фракция лидери Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында билдирди. Ал Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин колдой турганын белгиледи.

Ошол эле маалда КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловго кайрылып "коалицияны ким менен түзсөңүз өз ишиңиз, бирок биз ага кошулбайбыз" деп айтты.

Эки фракция лидерлери көпчүлүк коалиция куроо маселесин эки күндөн бери талкуулап жатышкан. Бирок, Бабанов кандай талаптарды койгону ачык айтылган жок. Буга чейин ал өкмөт башчылык кызматка барууну көздөп жатканы тууралуу сөз тараган. Өмүрбек Бабанов аны четке каккан.

24-октябрда “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары менен пикир келишпестиктерден улам КСДП фракциясы коалициядан чыгып, башкаруучу биримдик бузулган. Президент Алмазбек Атамбаев коалиция түзүү милдетин кайра эле Социал-демократтар фракциясына тапшырган. (NT/BkA)

XS
SM
MD
LG