Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:13

Парламентте Баш мыйзамды өзгөртүү мыйзамы талаш-тартышты жаратууда


Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеште Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун талкуулоо учурда талаш-тартыш жаралды.

"Ата Мекен" фракциясынын депутаттары жарыш сөзгө убакыт сурашып, парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков үчүнчү окууда кароодо жарыш сөз алууга регламент жол бербейт деген жүйө менен ага каршы болду.

Бул маселе депутаттар арасында талашка түшүп, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев мыйзам долбоордун коомдук-саясий мааниси чоңдугун, аны талкуулоо зарылдыгын билдирди. Муну "Өнүгүү-Прогресс", "Республика-Ата Журт", "Бир бол" фракцияларынын лидерлери жана Социал-демократтардагы бир катар депутаттар колдоп чыкты. Жыйынтыгында спикер ага макул болуп, азыр талкуу уланууда. (NT/BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG