Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:39

Бишкекте Ишеналы Арабаев атындагы колледждин студенттери менен сакал койгон адамдын мушташы иликтенүүдө. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Мира Абдылдаева "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, мушташ учурунда бычактан жаракат алган өспүрүм ооруканада жатат. Азыр абалы жакшы болуп калды. Ал эми ага бычак сайган 28 жаштагы киши кармалды:

- Кармалган адам 1988-жылы туулган Ысык-Көл облусунун тургуну. Азыр тергөө абагында отурат. Иликтөө, тергөө иштери уланууда.

Апта башында Бишкектин Чүй-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде 7-8 өспүрүм менен жоолук оронгон аялды ээрчиткен сакал койгон адамдын мушташы тартылган видео интернетке тараган болчу. Видеодо балдар бул адамга тийишип, андан соң көптөп ур-тепкиге алып качып кеткени көрсөтүлгөн. Күбөлөр токмок жеген адам балдарды кубалап жетип, алардын бирине бычак сайганын айтып беришкен. Өспүрүмдөрдүн 2000-2001-жылы туулган Арабаев колледжинин студенттери экени белгилүү болгон. Ал эми алар сабаган адам Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү экени, беш маал намазга жыгылары айтылууда.

Милициянын маалыматы боюнча, окуяга балдар бул адамдын жоолукчан айым менен болгон мамилесин видеого тартканы себеп болгон. (NT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG