Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:58

Абдылдаев: президент Баш мыйзам боюнча убадасына турган жок


Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда "Бир Бол" фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев президент Алмазбек Атамбаев Баш мыйзамды өзгөртпөө тууралуу убада бергенин эске салды. Өлкө башчы бул сөзүнүн өтөсүнө чыкпаганына өкүнүч билдирди. Анын айтымында, Конституцияны өзгөртүү аракети мыйзам бузуулар менен коштолуп жатат.

Абдылдаев президент Атамбаевдин Ички иштер министрлигин "келемиштерден тазалоо керек" деп айтканын мисал келтирип, азыркы күндө аталган мекемени эмес, президенттик аппаратты тазалоо зарылдыгы жаралганын белгиледи. (BkA/NT)

XS
SM
MD
LG