Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

Ак-Талаа районуна көмүр жеткириле баштады


Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, Ак-Талаа районунда көмүрдүн таңсыктыгына байланыштуу нааразылыктардан кийин маселени чечүү аракеттери көрүлүүдө.

Тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилип, Ак-Талаага көмүр ташыла баштады. 1-ноябрда 200 тонна кара отун жеткирилди. Аталган комитет бир жума бою күн сайын 250 тонна көмүр ташыла турганын, жергиликтүү элдин муктаждыгы чечилерин убада берди.

30-октябрда Ак-Талаа районунун Баетов айылында жергиликтүү тургундар кыштын алдында көмүр тартыш болуп жатканына нааразылык билдиришкен эле. Алар көмүр таңсыктыгына Турук кениндеги иштин токтогонун себеп катары көрсөтүшүп, аны иштетүү укугун кайрадан "Кенч Строй" компаниясына берүүнү бийликтен талап кылышкан. (NT)

Көмүр кениндеги талаш митингге чыгарды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:05 0:00

XS
SM
MD
LG