Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:39

Дүйнө биржаларынын көрсөткүчтөрү жана АКШ доллары президенттик шайлоо жакындаган сайын төмөндөй баштады. Инвесторлор бир нече жума бою демократтардын талапкери Хиллари Клинтон республикачыл атаандашы Дональд Трампты оңой эле жеңет деген катуу ишенимде болуп келишкен. Бирок Федералдык иликтөө бюросу – ФБР Клинтондун электрондук кат алышуулары боюнча териштирүүнү жандантканы белгилүү болгондон кийин сурамжылоолор талапкерлердин ажырымы кыскарганын, атүгүл 1-ноябрда Трамптын алдыга озуп чыкканын көргөздү. Мындай жагдайдан улам Уол Стриттеги индекстер төмөндөп кетти жана ал Европа, Азия биржаларындагы соодага да таасир этти. АКШ доллары еврого жана башка күчтүү валюталарга карата наркын жоготууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG