Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:57

Пакистанда оппозициянын демонстрациясы болбой калды


Пакистан оппозициясы.

Пакистан оппозициясы.

Пакистанда оппозиция лидери Имран Хан жана анын партиясы полиция менен кагылышууда Исламабадда эки колдоочусу мерт кеткендиги тууралуу кабарды төгүнгө чыгарды. Техрик-и Инсаф партиясынын 1-ноябрда жасаган билдирүүсүндө окуялардын чоо жайы териштирилгенден кийин тирешүү кан төгүүгө алып келбегени аныкталганы айтылат.

Хан ошол эле күнү Твиттерге оппозиция активисттери полиция менен кагылышууда каза болбогонун “кубануу менен” кабарлады. Шейшембиде партиянын маалымат катчысы демонстранттарды башкалаага келтирбеш үчүн полиция жаш агызчу газ колдонуп, натыйжада Техрик-и Инсафтын 2 тарапкери набыт кеткенин билдирген.

Кийинчерээк партия бүгүнкүгө пландалган акцияны өткөрүүдөн баш тарткан. Алар премьер-министр Наваз Шарифтин жакындары Панама документтеринде келтирилген коррупциялык иштерге малынганын айтып, кызматтан кетүүсүн талап кылышмак. Хан сот финансылык жаңжалды иликтөө тапшырмасын бергендиктен, демонстрация болбой калганын айтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG