Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Акыркы 10 жылда иш үстүндө каза тапкан журналисттердин саны көбөйдү


Ар 5 күндө дүйнөдө бир журналист кесибине байланыштуу набыт болот. Мындай маалымат ЮНЕСКОнун бүгүнкү баяндамасында айтылат. Акыркы 10 жылда өлтүрүлгөн 827 журналисттин 115и былтыр набыт болгон. Бул акыркы декаданын кайгылуу рекорду болуп калды. Журналисттер үчүн эң кооптуу жер катары Сирия жана Ирак аталды.

“Ислам мамлекети” радикал тобу ал эки өлкөнүн айрым аймактарын басып алгандан бери жихадчылар көптөгөн журналисттердин көзүн тазалашкан. 2014-жылы Сирия менен Иракта 24 журналист каза тапса, былтыр – 23. Украинада 2014-жылы 7, Ооганстанда 5 журналист мерт кеткен.

ЮНЕСКОнун баяндамасына кабарчы-журналисттерди уурдап кетүү, мыйзамсыз кармоо, кыйноо, коркутуп-үркүтүү, ыдык көргөзүү өңдүү учурлар камтылган эмес. Курман болгондордун көбү тиешелүү коргоосу жок иштеген жергиликтүү журналисттер.

XS
SM
MD
LG