Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:22

Актан Арым америкалыктарга кинолорун көрсөтүп, жолугушуулар өткөрөт


Актан Арым Кубат "Свет аке" фильминде башкы ролдо.
Актан Арым Кубат "Свет аке" фильминде башкы ролдо.

Кыргыз кинорежиссеру Актан Арым Кубат тарткан тасмаларын америкалык көрүүчүлөр сынына коюп, биртоп университеттерде жолугушууларды өткөрөт. Бул тууралуу чакырык катында Принстон университетинин орус, Чыгыш Европа жана Евразия изилдөөлөр программасынын жетекчиси Сергей Ушакин билдирди.

Маалым болгондой, ушул жылдын 2 – 6-ноябрында Принстон университети Борбор Азияны изилдеген окумуштуулар менен адистердин башын бириктирген эл аралык тармактын, Борбор-Евразия изилдөөчүлөр коомунун негизги жолугушуусун өткөрөт.

Белгиленген иш-чарада кинорежиссёр Актан Арым Кубаттын “Свет аке” фильми көргөзүлүп, соңунда тасма авторунун катышуусунда талкуу жүрөт.

“Свет аке” фильми 2010-жылы тартылган. Анын дүйнөлүк бетачары Канндагы эл аралык кинофестивалда өтүп, андан соң ийгиликтүү чыгарманын дүйнөлүк саякаты башталган.

Актан Арым Кубаттын фильми америкалык көрүүчүлөргө тааныш, буга чейин кинотеатрларда коюлган, DVD дистрибьюторлору тарабынан чыгарылган, Virgin Airlines америкалык авиакомпаниянын учактарында жүргүнчүлөргө көрсөтүлүп келатат.

Актан Арым Кубаттын экинчи чыгармачылык жолугушуусу Колумбия университетинде өтөт. Ал жерде студенттер автордун айтылуу “Бешкемпир” киносун көрүшүп, фильмдин режиссёру менен пикир алышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

XS
SM
MD
LG