Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:57

Алматыдагы кол салуулар үчүн айыпталган адам өлүм жазасына өкүм кылынды


 Руслан Кулекбаев сот залында.
Руслан Кулекбаев сот залында.

Алматы шаарынын соту быйыл жайында 10 кишини өлтүргөн Руслан Кулекбаевди өлүм жазасына өкүм кылды. Кулекбаев 18-июлда полиция имаратына жана Улуттук коопсуздук комитетинин департаментине куралдуу кол салуудан кийин кармалган. Бийлик ал окуяны теракт деп атаган. Сотто Кулекбаев күнөөсүн мойнуна алып, ошол эле маалда кылганына өкүнгөнүн айткан жок. Казакстанда 2003-жылы өлүм жазасына мораторий киргизилген. Бирок соттор жогорку жазага өкүм кыла алышат жана мораторий алынса, ал ишке ашырылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG