Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:54

Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум 11-декабрда өтөт


Жогорку Кеңеш "Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум дайындоо жөнүндө" мыйзам долбоорун үчүнчү окууда көпчүлүк добуш менен колдоду. Ага ылайык, жалпы элдик добуш берүү 11-декабрда болот.

Добуш берүү учурунда мыйзам долбооруна каттоодон өткөн 105 депутаттын 90у "макул", 15и "каршы" добуш беришти.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев мыйзамга жаңылыштык менен добуш берип алганын билдирип, натыйжада документти колдогондор 89 депутат болду.

Кыргызстанда 11-декабрда жергиликтүү кеңештерге да шайлоо өтөт. (NT)

XS
SM
MD
LG