Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:43

Microsoft орусиялык хакерлер программадагы мандемден пайдаланышкан деп эскертти


Microsoft Windows 10 системасы

Microsoft Windows 10 системасы

Microsoft компаниясы орусиялык хакерлер кибер чабуулдары үчүн Windows программасында жакында табылган мандемден пайдаланышканын билдирди. Өздөрүн Fancy Bear деп атаган хакерлер АКШнын Демократиялык партиясынын серверлерин бузуп киришкен деп шектелүүдө. Компания коопсуздукка байланышкан проблемаларды 8-ноябрга чейин чечүү убадасын берди. Хакерлердин демократтардан тышкары Германия парламенти жана Франциянын TV5 телеканалынын, бир топ өлкөлөрдүн элчиликтеринин, Аргентинанын, Түркиянын, Түштүк Кореянын жана Украинанын коргоо мекемелеринин, НАТО өкүлчүлүктөрүнүн серверлерине чабуулга тиешеси бар деп айтылууда. Хакерлер тобун Орусия бийлиги менен байланышы бар деп айыптап келатышат, бирок Кремль муну "акылга сыйбас калп" деп четке кагууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG