Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:03

Кыргызстандык байкоочулар АКШдагы президенттик шайлоого көз салат


Талапкерлер.
Талапкерлер.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз катчысы Нургүл Кадырбекова "Азаттык" радиосуна билдирди. Маалыматка караганда, АКШдагы шайлоо жүрүшүнө БШК мүчөсү Бахтияр Кадыров менен бирге Кыргызстандын Америкадагы элчилигинин өкүлдөрү байкоо жүргүзүшөт. Ал эми "Таза шайлоо" бирлигинен эч ким барбай турганын кабарлашты.

АКШда президенттик шайлоо 8-ноябрга белгиленген. Президенттикке эки талапкер демократ Хиллари Клинтон жана Республикачылар партиясынан Дональд Трамп ат салышууда. (NT)

XS
SM
MD
LG