Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:37

Сузак: өспүрүмдү зордуктаган деп шектелген имам жети жылга кесилди


Сузак районунун Ат-Чабар айылынын имамы10 жаштагы тестиерди зордуктоого күнөөлүү деп табылып, жети жылга эркинен ажыратылды. Ал жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартипте өтөйт. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунан "Азаттык" радиосуна билдиришти. Маалыматка караганда, мындай өкүмдү 17-октябрда Сузак райондук соту чыгарып, 2-ноябрда расмий күчүнө кирди.

58 жаштагы имамга карата Кылмыш - жаза кодексинин "жашы жете электи сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо", "баңги каражаттарын же баш айлантуучу заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо", "экстремисттик материалдарды сатып алган, алардын атрибуттарын атайылап колдонгон" деген беренелер боюнча кылмыш иши козголгон. Райондук соттун өкүмүнө аппеляциялык доо арыз түшкөн эмес.

Быйыл июлда Ат-Чабар айылынын имамы 10 жаштагы баланы эки айдан бери зордуктап келген деген шек менен камакка алынган. Балага сексуалдык зомбулук көрсөтүлгөнүн медициналык экспертиза ырастаган. Ишти Сузак райондук ички иштер бөлүмү териштирип, сотко өткөрүп берген эле. (RsK/NT)

XS
SM
MD
LG