Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:48

Кытай Кыргызстанга 300 миллион юань грант берет. Ал Бишкектин жолдорун оңдоого жумшалат. Бул тууралуу “Азаттыкка” экономика министри Арзыбек Кожошев билдирди.

Бүгүн Кытай Эл Республикасынын коммерция министри Гао Ху Чэн менен Кыргызстандын экономика министри Кожошев ушул макулдашууга кол коюшту. Маалыматка караганда, каражат үч жыл ичинде үч транш менен берилет.

Бүгүн Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян баштаган делегация Кыргызстанга расмий сапар менен келди.

300 миллион юань 44 миллион доллардан ашуун акчага барабар. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG