Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:05

Тажикстанда кош жарандыгы барлар коопсуздук кызматтарында иштей албайт


Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы кош жарандыгы бар адамдардын коопсуздук кызматтарында иштөөсүнө тыюу салган өзгөртүүлөрдү жактырды. 2-ноябрда мыйзам долбоорду сунуш кылып жатып, Улуттук коопсуздук комитетинин төрага орун басары Мансуржон Умаров алымча-кошумчалар купуя маалыматтардын ачыкка чыгып кетишин алдын алууну көздөөрүн белгиледи. Эми долбоорду жогорку палата да колдоп, президент Эмомали Рахмон кол коюуга тийиш.

Азыркыга чейин кош жарандыгы бар адамдардын тажик коопсуздук органдарында иштеген-иштебеси белгисиз. Эки өлкөнүн паспорту бар тажиктердин көбү Орусиянын да жарандары.

XS
SM
MD
LG