Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:39

Порошенконун Атамбаев менен “сүйлөшкөнүн” кыргыз тарап оюн деп атады


Украина президентинин сайтындагы маалымат.

Украина президентинин сайтындагы маалымат.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Украина мамлекет башчысы Петро Порошенко телефон аркылуу сүйлөшүп, саясий диалогду жандантууну талкуулашканы тууралуу маалыматты кыргыз тарап төгүндөдү.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү “Азаттык” радиосуна билдиргендей, белгисиз кишилер бул ыкма менен Украина мамлекет башчысын тамашага салган болушу мүмкүн.

2-ноябрда Украина президентинин расмий сайтында Атамбаев менен Порошенко сүйлөшкөнү, тараптар саясий ымаланы жандантып, өкмөт аралык жыйындарды тез-тез өткөрүп турууну макулдашканы кабарланган. Ошондой эле Орусиянын транзиттик чектөөлөрүнөн улам Украинанын товарлары Кыргызстанга келбей жатканын, бул маселени чечүүнүн башка жолдорун талкуулашканы айтылган.

Расмий Киевдин маалыматында Кыргызстан менен Украинанын алакасын жакшыртууда Бириккен Улуттар Уюму да маанилүү роль ойной турганы жазылган.

Бул маалымат Порошенконун сайтында бүгүн деле турат. (SE)

Президенттик аппараттын Маалыматтык саясат бөлүмүнүн өкүлү Адилет Султаналиевдин "Твиттерге" жазганы.

Президенттик аппараттын Маалыматтык саясат бөлүмүнүн өкүлү Адилет Султаналиевдин "Твиттерге" жазганы.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG