Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Өзбекстанда биринчи жолу Мирзиёевдин өмүр баяны жарыяланды


Өзбекстанда президенттик шайлоо өнөктүгүнүн башталышы менен алгачкы жолу Шавкат Мирзиёевдин өмүр баяны жарыяланды.

Президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан жетекчи тууралуу маалымат жана анын шайлоо алдындагы программасы Либерал-демократиялык партиянын сайтына жайгаштырылды. Шавкат Мирзиёевди саясий кеңеш 16-октябрда президенттикке көрсөткөн.

Өмүр баянда Мирзиёевдин 1957-жылы, 24-июлда Жизак облусунун Замин районунда төрөлгөнү айтылат. Улуту – өзбек. Билими – жогорку, техника илимдеринин кандидаты, доцент.

Эмгек жолун 1981-жылы Ташкенттеги ирригация инженерлери жана айыл чарбасын механизациялоо институтунда кенже илимий кызматкер болуу менен баштаган. Кийинчерээк ага окутуучу, доцент, окуу иштери боюнча проректорлукка чейин көтөрүлгөн. 1990-жылы республиканын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Мандат комиссиясынын төрагалыгын аркалаган. 1992-жылдан тарта аткаруу бийлигинде иштеп, анын менен катар депутат катары парламенттин ишине дагы катышкан. 2003-жылдан бери президенттин милдетин аткаруучу катары бекитилгенге чейин Өзбекстандын премьер-министри болгон.

Үй-бүлөлүү, үч баласы жана беш небереси бар.

Мирзиёевдин шайлоо алдындагы программасында айтылгандай, өлкө эч бир аскер блокторуна кошулбайт, башка мамлекеттердин аскер базасы аймакка жайгаштырылбайт жана аскер кызматкерлери башка өлкөлөргө жөнөтүлбөйт.

Өзбекстанда президенттик шайлоо 4-декабрда өтөт.

XS
SM
MD
LG