Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:03

Укук коргоочу Үмөталиева Ысык-Көл облусунун тургунун сабады деп шектелүүдө


Токтайым Үмөталиева.
Токтайым Үмөталиева.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, укук коргоочу 1-ноябрда 54 жаштагы Ысык-Көл облусунун тургунун сабады деп шектелүүдө. Маалыматка караганда, чырга Жогорку Соттун чечими себеп болгон. Сот Бишкектеги Молдобекова аттуу жаранга таандык үйдү жабыркаган аялды кошкондо төрт адамдын пайдасына чечип берген. 1-ноябрда үйдү бошотуп алуу максатында барган аялдарга ээси каршылык көрсөтүп, укук коргоочу Токтайым Үмөталиеваны чакырган:

- Үмөталиева аларды уят сөз менен сөгүп, бирин сабап салган. Бул факты Ленин райондук милиция бөлүмүндө каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды, иликтөө башталды, - деди Казабаев.

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева бул боюнча комментарий бере элек. Аны менен байланышууга азырынча мүмкүнчүлүк болбоду. (NT)

XS
SM
MD
LG