Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:40

Казак премьери ШКУда эркин экономикалык аймак түзүүнү сунуштады


Бакытжан Сагинтаев.

Бакытжан Сагинтаев.

Бул тууралуу Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев ШКУ жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, бүгүнкү күндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер арасында жол тутумун оңдоп, Улуу жибек жолун калыбына келтирүү зарылдыгы турат. Мындан тышкары бирдиктүү эркин экономикалык аймактын түзүлүшү соода тармагындагы бардык тоскоолдукту жокко чыгарат. Эркин экономикалык аймак түзүү демилгесин Кытайдын премьери Ли Кэцян да колдоду.

Жыйынга Кыргызстандын премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков, Казакстан премьер-министри Бакытжан Сагинтаев, орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев, Тажикстан премьер-министри Кохир Расулзода, Өзбекстан премьер-министринин биринчи орун басары Рустам Азимов, Кытайдын мамлекеттик кеӊешинин премьери Ли Кэцян, ошондой эле ШКУнун баш катчысы Рашид Алимов менен уюмдун аткаруу комитетинин директору Евгений Сысоев катышууда. (NT/SDz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG