Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:27

Алым Токтомушевдин " Балдарга базарлык" китеби жарык көрдү


Алым Токтомушев Мелис Эшимканов атындагы сыйлыкка ээ болгон кези, 9-декабрь, 2012-жыл.
Алым Токтомушев Мелис Эшимканов атындагы сыйлыкка ээ болгон кези, 9-декабрь, 2012-жыл.

Бишкектеги Кыргыз улуттук консерваториясында маркум Алым Токтомушев эскерилүүдө. Анын "Балдарга базарлык" деп аталган китебинин бет ачары болду.

Акын, адабиятчы, котормочу, публицист жана жазуучу Алым Токтомушевдин бул чыгармасын "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык фонду басмадан чыгарган. Анда дүйнөлүк дөөлөттөр, рухий мурас, тарых, маданият жатык тил менен баяндалган.

Эскерүү кечесин Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев алып барып, маркумду калемдештери, замандаштары жана шакирттери, жакындары эскеришти. Ошондой эле анын сөзүнө жазылган ырлар аткарылып жатат.

Алым Токтомушев 1947-жылы Жумгал районундагы Кайырма айылында туулган. Узак жылдар бою басма сөз жаатында эмгектенип, “Нуска”, “Асаба”, “Агым”, “Апта”, “Алас” гезиттеринде, “Жетимен” журналында эмгектенген. Анын “Жолдогулар”, “Эски дептер” аттуу ыр жыйнактары, “Салижан Жигитовдун сабактары” жана "Ачылбаган дүйнө" аттуу китептери жарык көргөн. Ошондой эле ал Пушкин, Саади, Лермонтов, Пастернак, Рильке, Тардьенин чыгармаларын кыргызчалаган. Алым Токтомушевдин көзү өткөнүнө быйыл эки жыл болду. (NT/ZA)

XS
SM
MD
LG