Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:17

Орусия: Тажикстанга аба каттамдары токтошу мүмкүн


Жуковский аэропорту.
Жуковский аэропорту.

Орусия жаңы орус аэропортунун макамы тууралуу Москва менен Душанбенин ортосундагы талаш Тажикстанга багытталган бардык каттамдардын токтошуна себеп болушу мүмкүндүгүн эскертти.

Эгер Тажикстандын авиация жетекчилери Москванын жанындагы Жуковский аэропорту тууралуу позициясын өзгөртпөсө, тажик тарапка каттамдар 8-ноябрдан тарта токтошу мүмкүндүгүн Орусиянын Транспорт министрлиги ырастады.

Жуковский эл аралык аба майданы 2016-жылдын май айында ачылган, ал Москванын төртүнчү эл аралык аэропорту. Душанбе бул аба майдан Москвадан Тажикстанга каттамдардын көбөйүшүнө себеп болгонун айтып, аба каттамдар боюнча эки тараптуу келишимдерди карап чыгууга чакырган.

Тажик транспорт министри Рахмон Юсуф Азим Тажикстан өзүнүн аба компанияларынын кызыкчылыгын коргошу керектигин “Азаттыкка” билдирген.

Орус Транспорт министрлиги Жуковский аэропорту Москвага эмес, коңшу Раменское шаарына карай турганын белгилеп келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG