Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:42

“Жаштар CAMP” быйыл өзгөчө форматта өтөт


Кыргыз жаштары тоодо уюштурган иш-чаралардан.

Кыргыз жаштары тоодо уюштурган иш-чаралардан.

Салтка айланып калган “Жаштар CAMP” өнөктүгү быйыл өзгөчө форматта өтөт. Жыл сайын таанымал жаштар өз идеялары, жасаган иштери тууралуу улан-кыздарга кеп-кеңеш берчү. Бул ирет ийгиликтүүлөр менен кошо өз жетишкендигин айтып берүүнү каалаган жаштардын баарына мүмкүнчүлүк түзүлөрүн уюштуруучулар кабарлашты. Ал үчүн алдын ала жазылуу керек.

Жылына 10-ноябрга – Эл аралык жаштар күнүнө карата өткөрүлүп келген “Жаштар CAMP” быйыл 11-ноябрь күнү бардык аймактарда, 13-ноябрда Ош жана Бишкек шаарларында өтөт. Аны “Жаштарды өнүктүрүү институту”, Youth of Osh, “Лидер”, жана “Айкөл” уюмдары бирге уюштурууда.

Иш-чаранын максаты – жаштарга дем берип, идеяларды ашырууга жол көрсөтүү болуп саналат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG