Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:27

Жер титирөөдөн жабыркагандар жаңы үйлөргө кире башташты


Чайчы айылына салынган үйлөрдүн бири.
Чайчы айылына салынган үйлөрдүн бири.

Оштун Кара-Суу районунда былтыркы жер титирөөдөн жабыркагандарга салынган үйлөрдүн алды бүтүп, Чайчы айылында 11 үй-бүлө жаңы турак-жайга көчүп киришти. Дагы 55 үйдө акыркы оңдоо иштери жүрүүдө.

Өкмөттүн Ош облустук өкүлчүлүгү билдиргендей, жалпысынан 177 үй салына баштаган.

Өткөн жылы 17-ноябрда күчү 6 - 7 баллга жеткен жер силкинип, Кара-Суу районунда 10 үй кыйраган. 383 турак-жай жашоого жараксыз деп табылган. Жапа чеккендерге 200 миң сомдон 20 жылдык ссуда берилген. Эл аралык коомчулуктан 125 миң сомдон жардам алышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG