Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:10

Түркияда билим берүү тармагындагы тазалоого каршы акция өттү


Түркиядагы "Жумхуриет" гезитинин жабылышына каршы чыккан адамдар, 1-ноябрь, 2016-жыл.
Түркиядагы "Жумхуриет" гезитинин жабылышына каршы чыккан адамдар, 1-ноябрь, 2016-жыл.

Түркиянын Стамбул шаарында жүздөгөн адам июль айындагы төңкөрүш аракетинен кийинки билим берүү тармагында болуп жаткан тазалоого каршылык билдирип чыгышты. Окумуштуулар, студенттер жана кесиптик кошуундардын өкүлдөрү Стамбул университетинин алдына чогулуп, “фашизмге каршыбыз” деп кыйкырып жатышты.

Анкара 15-июлдагы төңкөрүш аракетин АКШдагы түрк диниятчысы Фетхуллах Гүлендин кыймылы уюштурган деп билдирип келет. Бул окуядан кийин өлкө боюнча ири тазалоо операциясы жүргүзүлүп, 100 миңден ашык мамлекеттик кызматкерлер жумуштан алынган. Алардын арасында окуу жайлардын мугалимдери, соттор жана прокурорлор да бар. Жалпысынан 37 миң адам сот жообуна тартылууда.

Америкада бозгунда жүргөн Гүлен төңкөрүш аракетине эч тиешеси жоктугун билдирип келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG