Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:00

ИМ лидери "халифатты" коргоого чакырды


Мосулдун жанында, 3-ноябрь, 2016-жыл
Мосулдун жанында, 3-ноябрь, 2016-жыл

Бириккен Улуттар Уюму “Ислам мамлекети” террордук тобу Мосулда карапайым адамдарды тирүү калканч катары колдонуп жатат деп айыптады.

“Ислам мамлекетинин” лидери аталган Абу Бакр ал-Багдади согушкерлерге кайрылып, “халифатты” коргоого чакырды. Ирак күчтөрү 2-ноябрда сегиз жоочуну өлтүргөнүн, жүздөгөн адамдар коопсуз жерге чыгарылганын билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши “Ислам мамлекети”​ террордук тобунун согушкерлери адамдарды тирүү калканч катары колдонуп жатышын айыптады.

Коопсуздук кеңеши 2-ноябрдагы жабык түрдө өткөн жыйында БУУнун Адам укуктары боюнча өкүлдөрүнүн жана гуманитардык миссиясынын расмий адамдарынын Ирак күчтөрү Мосулдун чыгыш тарабына 1-ноябрда киргенден кийинки абал тууралуу маалыматы угулду.

Коопсуздук кеңешинин төрагасы, БУУдагы Сенегалдын элчисинин орун басары Георги Гисстин “Ислам мамлекетинин” жоочулары миңдеген адамдарды тирүү калканч катары колдонуу максатында үйлөрүндө кармап жатканы тууралуу маалыматы кеңештин мүчөлөрүнүн кооптонуусун жаратты.

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зейд Раад ал-Хусейиндин маалымат катчысы Равина Шамбасани шейшемби күнү Женевада маалымат жыйынында жоочулар тарабынан жасалып жаткан зомбулуктар жөнүндө билдирген эле:

- Бизде “Ислам мамлекети” тарабынан жасалган массалык өлтүрүүлөр жөнүндө кошумча маалымат бар. 29-октябрда Ирак коопсуздук күчтөрүнүн 40 аскери өлтүрүлүп, сөөктөрү Тигр дарыясына ыргытылган. Алар Мосулдун кичи району Шура жана жакынкы кыштактардан кармалып кеткен адамдардын арасында болгон. Ошондой эле Ирактын коопсуздук күчтөрүн колдойт деп шектелгендердин туугандарын өлтүрөбүз деп да “Ислам мамлекети” коркутуп жатканы тууралуу маалыматтар бар.

Мосулга кирген Ирактын атайын күчтөрү 2-ноябрда шаар чыгышында бир катар жерлерди ээлегени кабарланды. Анын учурунда сегиз жоочу өлтүрүлүп, жүздөгөн адамдар коопсуз жайларга жайгаштырылганын Ирак расмийлери маалымдады.

Ирак күчтөрү Мосулга кирип баргандан бери сакалын алган адамдар көбөйгөн. “Ислам мамлекети” сакал өстүрүүнү көзөмөлдөп турчу. "Рейтердин" видеоматериалдарында жүздөгөн адамдардын автоунаалар менен Мосулдан чыгып кетип жатканы көрсөтүлгөн.

Бул арада “Ислам мамлекетинин” лидери Абу Бакр ал-Багдади жоочуларына кайрылып, шаар борборуна чабуул коюп келаткан Ирак өкмөттүк күчтөрүнүн мизин майтарууга чакырды.

“Ислам мамлекети” террордук тобунун "Ал-Фуркан" медиасы 3-ноябрда тараткан Багдадинин үнү делген аудиодо “чегинбегиле” деген чакырык бар. “Шерменде болуп качканга караганда ар-намыс, абийир менен жериңди коргоо жеңил” деп айтылат Багдадинин кайрылуусунда. Бул халифат лидеринин бир жылдан берки алгачкы жолку кайрылуусу. Ал ошондой эле жанкечтилерди аларга каршы чыккандардын "канын суудай агызууга" үндөгөн. 2014-жылы июнь айында “Ислам мамлекети” Мосулду көзөмөлүнө алганда халифат түзүлгөнүн Абу Бакр ал-Багдади жарыялаган эле.

Мына ошондон бери Ирак өкмөтү 17-октябрда Мосул шаарын бошотуу операциясын баштады. Ага күрттөрдүн пешмергасы жана АКШ баштаган коалиция аба күчтөрү менен жардам берүүдө.

Мосулда “Ислам мамлекети” террордук тобунун 3-5 миң согушкери бар экенин АКШ баштаган коалиция билдирген. Аларга каршы Ирактын он миңдеген аскерлери күрөшүүдө.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG