Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:21

Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) эреже бузуулар үчүн бир катар мамлекеттерге айыппул салды.

Иран курамасы 45 миң шевейцар франк төлөйт. Бул өлкө футболчулары Түштүк Корея менен 11-октябрдагы беттеште диний ырым-жырымдарды колдонгону үчүн жазаланды. Андан тышкары, иран футболунун күйөрмандары диний маанидеги плакаттарды көтөрүп, майданга чейин чыгып кеткен окуялар үчүн 40 миң франк өзүнчө айып салынды.

Ал эми Албания менен Хорватия 50 миң франктан төлөшөт. Хорватия футболчуларынын күйөрмандары оюн учурунда “Сербдерге өлүм!” деп кыйкырышкан. Ал эми Албания курамасынын күйөрмандары Македониянын гимни ойнолуп жаткан кезде далысын салып туруп алышкан.

Ошондой эле күйөрмандардын гомофобиялык кыйкырыктары үчүн Бразилия, Парагвай, Эстония, Чили, Украина жана Аргентина да жазаланмай болду. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG