Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:59

Исфана базарындагы кырсыктан 11 адам жаракат алды


Лейлек районунун Исфана шаарындагы базарда 3-ноябрда май ташыган автоунаанын тормозу иштебей калып, оодарылып кеткен. Натыйжада 17 автоунааны сүзүп, анын ичинен 4 жеңил машине жараксыз болуп калды. Жол кырсыгынан он бир адам ар кандай жаракат алып, райондук ооруканага кайрылган. Анын үчөө травматология бөлүмүнө жаткырылды. 27 тонна дизел отуну жерге төгүлдү. Өрттүн алдын алуу аракети көрүлүп, жүк ташуучу автоунаа жол кайгуул кызматынын машине токтотуучу жайына жеткирилген. Ал эми жолго төгүлгөн май кечке маал толук тазаланган. Жол кырсыгынан келтирилген материалдык чыгым такталып жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. (NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG